Бишкек, 27.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева — Кабар/. Кыргызстанда 3-4 жылда бакчага барган балдар жалпы наристелердин 80%ын түзүүсү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаардык мэриясынын коллегиясында билдирди.
Ал белгилегендей, учурда бала бакчага барган балдар 44,3 пайызды түзүүдө. Буга чейин бул көрсөткүч 26% болгон.
"Балдардын бала бакчага баруусун камтуу боюнча иштер Бишкек шаарында жакшы жүрүп жатат.Ушул иштерди дагы да улантуу зарыл. 3-4 жылда бакчага барган балдар жалпы наристелердин 80%ын түзүүсү керек", - деди Адылбек Касымалиев.
Ошондой эле минкаб төрагасы балдардын коопсуздугу үчүн менчигинин түрүнө карабастан бардык бала бакчаларда видеобайкоо камераларын коюу иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.