Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн жылы өрттөн келтирилген чыгым 883 млн 259 миң 866 сомду түздү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 2024-жылдын 12 айында республика боюнча жалпысынан 3148 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун кесепетинен 47 адам каза болсо, алардын жетөөсү жаш балдар. Жабыркаган адамдардын саны 27ни түзсө, алардын бири жаш бала болгон.
Ал эми 2023-жылдын 12 айында өлкө боюнча 3498 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 1 млрд 410 млн 377 миң 891 сомго жеткен. Өрттүн кесепетинен 35 адам каза болгон.