1-майда электр энергиянын тарифтери өзгөрөт. Себеби

Экономика 2144 26 Март 2025 14:20
news_18427060921052015382750038310539779515-1.jpeg
486292514_18058789496476120_5417214794607855627_n.jpg
486103944_18058789511476120_7608600947392479950_n.jpg
485988304_18058789523476120_582876191650793988_n.jpg
486381338_18058789514476120_6260629115902805181_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек,26.03.25./Кабар/. Кыргызстанда 1-майда электр энергиянын тарифтери өзгөрөт. Мындан улам Энергетика министрлиги электр энергиясынын баасын көтөрүү эмне себептен керектиги тууралуу түшүндүрмө берди.

Электр энергиянын баасын көтөрүү эмне үчүн керек? Жөнөкөй тил түшүндүрүп берели:

- Электр энергияны көбүрөөк керектеп жатабыз. Акыркы 10 жылда керектөө бир топ өстү.

- Жабдуулар эскирди.

- Электр станциялары менен түйүндөрдү жаңылоо зарыл, бул көп каражатты талап кылат.

- Тарифтер өзүн актабайт. Электр энергияны өндүрүүнүн өздүк наркы керектөөчүлөр төлөгөн баадан кымбат турат. Калган чыгымды мамлекет жабат. Бирок бул узак мөөнөттүү чечим боло албайт.

"Тарифтердин өзгөрүшү үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоого жана энергетика системасын жаңылоого өбөлгө түзөт",-деп айтылат маалыматта.