Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Кыргызстан PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээлеп, мурунку циклдерге салыштырмалуу 11 позицияга жогорулады. Бул тууралуу бүгүн Братислава шаарында өткөн аймактык конференцияда белгилүү болгонун Агартуу министрлигинен билдиришти.
Кыргызстан изилдөөгө 16 жылдык тыныгуудан кийин кайра катышып, PISA тестин биринчи жолу компьютердик форматта тапшырды. Негизги багыт катары табигый-илимий сабаттуулук тандалып, мындан тышкары моделдөө жана алгоритмдештирүүнүн негизинде көйгөйлөрдү чечүү жөндөмү бааланды.
Кыргызстандын орточо көрсөткүчү табигый-илимий сабаттуулук боюнча 363 баллды, математикалык сабаттуулук боюнча 364 баллды, ал эми окуу сабаттуулугу боюнча 344 баллды түздү. 2006 жана 2009-жылдардагы жыйынтыктарга салыштырмалуу өсүш статистикалык жактан маанилүү экени белгиленди.
Маалымат үчүн: PISA — Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму тарабынан 15 жаштагы окуучулардын билим жана көндүмдөрүн реалдуу турмуштук кырдаалдарда колдоно билүүсүн баалоочу эл аралык изилдөө. Анын максаты рейтинг түзүү эмес, билим берүү системасынын күчтүү жана көйгөйлүү жактарын аныктоо болуп саналат.