Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Оман Султанаты соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн ТИМ башчысынын орун басары Кайрат Турсункулов Бишкекке ведомстволор аралык делегацияны жетектеп келген Оман ТИМинин Борбордук Азия департаментинин башкы директору Аль-Аббас бин Ибрагим Аль-Харитини кабыл алды.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттары каралып, экономикалык, соода жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Ошондой эле тараптар алдыдагы өз ара сапарлардын графигин карап, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган маселелер боюнча пикир алышты.