Соңку жылдарда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык өнүгүүдө - эксперт

Коом Загрузка... 27 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-27 at 13.36.59.jpeg
copyright icon Олломурод Исакуловдун өздүк архивинен

Ташкент, 27.01.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. "Кыргызстан жана Өзбекстандын лидерлери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин өткөн ишембиде Ташкент облусундагы “Амирсой” эс алуу комплексинде өткөн бейформал жолугушуусу өзбекстандыктарда жылуу маанай жаратты", - деди ЮНЕСКОнун "Антик дүйнө илимий академиясынын" мүчөсү, профессор Олломурод Исакулов "Кабар" маалымат агенттигине берген кыска маегинде.

Профессордун айтымында, өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусу расмий жолугушуулардан айырмаланып, жалпы максатка ээ, пикирлеш достордун чыныгы нукура жолугушуусу болуп саналат.

"Ал эми президенттер Шавкат Мирзиёев жана Садыр Жапаровдун бул жолку бейформал жолугушуусу, тамыры тарыхтын терең түпкүрүнө барып такалган, кылымдар бою коюн-колтук алышып, дос-боордош, куда-сөөк болуп, бир дарыядан суу ичип, базары да, мазары да бир өзбек жана кыргыз калкынын достугунун учурдагы эң жакшы көрүнүшүн айкындайт", - деди Исакулов.

Ал кыргыз-өзбек достугу тарыхтын тайкы жолдорундагы татаал кыйынчылыктарын башынан өткөргөндүгүн жана боордош элдердин тарыхында эске калаарлык жакшы окуялардын болгонуна токтолду.

"Кыргызстандын алгачкы гезити "Эркин-Тоо" Ташкентте басмадан чыккан. Аалы Токомбаев, Иса Ахунбаев, Исхак Раззаков сыякуу кыргыздын чыгаан инсандары да Ташкентте билим алышып, эки боордош элдин достугун өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошушкан. Бул жакшы салт өткөн кылымдын 70-80 жылдарына чейин улантылган", - деп эскерди профессор.

О. Исакулов соңку жылдарда эки коңшу мамлекеттин ортосундагы кызматташтык, карым-катыштын бардык багыттарда иреттүүлүк менен өнүгүп келе жаткандыгына токтолуп, бул багытта дагы да кенен мүмкүнчүлүктөр бар экендигине көңүл бурду.

"Эки президент жолугушуусун тоо боорунда өткөргөнүн көрүп бир нерсе эсиме түштү. Өткөн союз доорунда Өзбекстандын Фергана өрөөнүнөн бир миллионго жакын кой жана малдары Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад областтарынын бийик тоолуу жайлоолорунда жайыттаган. Бул салтты кайра жандандыруу керек, анткени мал чарбасын өнүктүрүү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун олуттуу жагдайы болуп саналат", - деди ал.

Серепчинин баамында, бул бейформал жолугушуу эки өлкөнүн бардык тармактарында, атап айтканда, экономика, соода, маданият, билим берүү, спорт, медицина, айрыкча туризм багыттарындагы мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырууга жаңы кадам катары кызмат кылат.

Эскерте кетсек, профессор О. Исакулов ошондой эле Өзбекстанда таанымал жазуучу, публицист жана акын катары бир канча китептердин автору. Ушундан улам, сөзүн төмөндөгү төрт сап менен жыйынтыктады:

Миң жылдык кошуна бар болсун,

Бейрасмий жолугушуу кутка толсун.

Эки элдин лидерлери дос болуп,

Кыргыз-өзбек келечеги кең болсун.