Бишкек, 27.04.26 /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода менен жолукту.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда өлкөлөр ортосундагы алакалар талкууланып, тараптар парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүү боюнча ой бөлүштү.
Маматалиев Кыргызстан эзелтен коңшу жашаган эки элдин байланышын бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгиледи.
"Чек аралардын такталышы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрдү. Эми соода-экономикалык жана маданий байланыштарды арттырууда парламенттик дипломатиянын ролун күчөтүп, жетишилген келишимдерди ишке ашырууга көмөк көрсөтүүбүз зарыл", – деди ал.
Муну менен катар парламенттер аралык кызматташтыкты тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да өнүктүрүү керектигине токтолгон төрага КМШ ПАА, ЖККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчаларда да тыгыз иш алып баруунун маанилүүлүгүн кошумчалады.
Мындан тышкары, парламенттер аралык кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюу сунушун айткан төрага аталган документ өз ара байланышты өнүктүрүүгө чоң түрткү берерин жүйө келтирди.
Өз кезегинде эки өлкө башчыларынын саясий эркинин аркасында мамлекеттик чек аралар такталып, байланыштардын жаңы барагы ачылганын белгилеген элчи эми парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү керектигин кошумчалады.
Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу менен эки тараптуу иш сапарларды байма-бай уюштуруу жаатындагы сунуштарын ортого салышты.