Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын Финансы министрлиги менен Россиянын Финансы министрлигинин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында атайын иш-чара өтүүдө.
Ага Кыргызстандын Финансы министрлигинин кызматкерлери, Россиянын Финансы илимий-изилдөө институтунун өкүлдөрү катышууда. Анын алкагында эки тараптуу кызматташуу программасы талкууланып, каржылык секторду жакшыртуу боюнча тажрыйба алмашуу болот.
Аталган иш-чара эл аралык кесипкөй диалогду өнүктүрүүдө жана эки өлкөнүн каржы мекемелеринин өнөктөштүк мамилелерин бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат.