Кыргызстан менен Өзбекстан парламенттер аралык алаканы чыңдайт

Жогорку Кеңеш 9 октябрь 2026 09:40
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
image8.jpg
image9.jpg
image10.jpg
image11.jpg
image12.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
image8.jpg
image9.jpg
image10.jpg
image11.jpg
image12.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 09.10.26./Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымынын биринчи орун басары Содик Сафоев менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелерин талкуулап, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча да ой бөлүштү. 

Марлен Маматалиев Кыргызстан Өзбекстан менен жакын коңшулук, боордоштук жана калыптанган стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: "Бүгүн уюштурулуп жаткан Парламенттер аралык комиссиянын кезектеги отуруму парламенттерибиз ортосундагы алаканы гана чыңдабастан, кыргыз-өзбек мамилесин бекемдөөгө чоң түрткү берет деген ишеничтемин. Анткени мамлекеттер аралык байланыштарды кеңейтүүдө парламенттик дипломатиянын ролу өтө чоң", – деди.

Ошону менен катар эки тараптуу алакаларды КМШ ПА, ТүркПА өңдүү эл аралык аянтчаларда да өнүктүрүү керектигине токтолду.

Мындан тышкары, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин быйыл Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда Союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлганын эске салган Төрага бул документ кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзүп жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Содик Сафоев Марлен Маматалиевге Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нуриддин Исмоиловдун жолдогон саламын жеткирип, Парламенттер аралык комиссиянын ишине көрсөткөн колдоосу үчүн да ыраазычылык билдирди. 

Андан сырткары, Кыргызстандагы соңку жетишкендиктерге өзбек эли өзгөчө кубанып жатканын айткан Содик Сафоев жылдык 11%дык өсүш дүйнөлүк деңгээлден алганда да эң мыкты көрсөткүч экенин мисал кылды. 

Муну менен бирге эки өлкөнүн алакасы жигердүү өнүгүп жатканына токтолгон Сенат төрайымынын биринчи орун басары парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.  

Эскерте кетсек, Содик Сафоев Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген.