Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда топтук туристтик сапарларды уюштуруу тартиби жеңилдейт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Эки өлкөнүн топтук туристтик сапарларын жеңилдетүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум бүгүн президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик иш-сапарынын алкагында КР Экономика министрлиги менен Кытайдын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда түзүлдү.
Меморандум Кыргызстанда туристтик тармакты өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана экономикалык өсүшкө дем берүүгө, эки өлкөнүн топтук туристтик агымдары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, меморандум Кытайга өздөрүнүн топтук туристтик топторун расмий түрдө Кыргызстанга жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстан менен Кытайдын туристтик чөйрөсүнүн ортосунда активдүү кызматташуу жүрүп, биргелешкен туристтик маршруттар түзүлүүдө.
Ошону менен бирге 2024-жылы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттары аркылуу Кытайга келген жарандардын саны 127 миң 956 адамды түздү (Кыргызстангаа Кытайдан келген жарандардын саны 56 % га көбөйүшү байкалууда). Ал эми 2023-жылы бул көрсөткүч 70 миң 842 адам болгон.
Экономика министрлиги тарабынан Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдөө боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Кытайдан өз алдынча келген туристтер үчүн сунушталган өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген.