Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Айбек Токтоболотов Катардын Аш-Шура межлисинин (парламентинин) төрагасы Хасан бин Абдулла Аль-Ганим менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз-катар мамилелеринин азыркы абалы жана өнүгүү келечегин талкуулап, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоого басым жасашты.
Ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, анын ичинде парламенттик делегациялардын өз ара сапарларын уюштуруу жана Кыргызстан менен Катардын парламенттик достук топторунун ортосундагы байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган багыттар боюнча диалогду андан ары өнүктүрүүгө жана кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.