Кыргызстан менен Ирандын консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыгы талкууланды

Загрузка... 24 Январь 2025
IMG_20250124_142122.jpg

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Асгар Мохаммади Жафари менен жолукту.

Тышкы саясий ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуу маселелери, анын ичинде эки өлкөнүн жарандары үчүн визалык талаптарды жөнөкөйлөтүү маселелери талкууланды.

Муну менен катар тараптар эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын тараптардын аймагында болуусу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында маектештер өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча тыгыз байланышты улантууну макулдашышты.