Кыргызстан менен Гвинея-Бисаунун ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү

Тышкы саясат Загрузка... 07 Февраль 2025 16:20
IMG_1799.png
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Күн мурун Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гвинея-Бисау Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюу аземи болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, Биргелешкен коммюникеге Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева жана Гвинея-Бисау Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Самба Санэ кол коюшту.

Муну менен катар, тараптар БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө биргелешкен ниетин билдиришти, ошондой эле шайлануучу органдарга талапкерлерди өз ара колдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Белгилей кетсек, Биргелешкен коммюнике кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.