Кыргызстан менен Филиппиндин эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом Загрузка... 03 Февраль 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Филиппиндин эмгек мигранттары министри Ханс Лео Какдас менен жолугушту.

Эмгек министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Эр-Риядда өтүп жаткан эмгек рыногу боюнча Глобалдык конференциянын алкагында орун алды.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө эмгек миграциясы жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелерин талкуулады.

Министр Сабиров Филиппин өкмөтүнүн эмгек миграциясын жөнгө салуудагы жетишкендиктерин жогору баалап, "Филиппин тажрыйбасы" жарандарды өнүккөн өлкөлөргө ишке ийгиликтүү даярдоодо жана жөнөтүүдө гана эмес, мигранттардын укуктарын жогорку натыйжалуу коргоодо да үлгү экенин белгиледи.

Буга байланыштуу министр миграциялык процесстерди башкарууда тажрыйба алмашуу үчүн кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү сунуштады.