Кыргызстан менен АКШ кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кызматташтыкты күчөтөт

Коом 11 декабрь 2025 15:55
594411674_1253068136842185_6883583629645077982_n.jpg
595234679_1253067946842204_1180881756869814013_n.jpg
597233423_1253068190175513_4173964295955842997_n.jpg
594592086_1253067983508867_7054800966914795133_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМ

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин баңгизаттардын эл аралык жүгүртүүсүнө жана укук коргоо ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү бөлүмүнүн директору Мелисса Кроуфорд менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын, анын ичинде киберкылмыштуулукка, адам сатууга, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы аракеттенүү жана транс улуттук коркунучтарга биргелешип жооп кайтаруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууга ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Эл аралык кызматташтык Башкы башкармалыгынын жетекчилери жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчи кызматкерлери катышты.