Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Сеул шаарында Sellergo Co., Ltd. компаниясынын башкы директору Жунхван Хо жана HIGEN Healthcare компаниясынын башкы директору Ли Ёнгдук менен жолукту.
Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө маалыматтык технологиялар, электрондук соода тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн багыттары, ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө инвестицияларды тартуу маселелери каралды.
"Кыргызстан санариптик экономиканы ырааттуу өнүктүрүп, заманбап технологияларды жана инвестицияларды тартууга кызыкдар. Кореялык компаниялар менен кызматташуу инновациялык чечимдерди киргизүү жана ар түрдүү тармактарда көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Жолугушуунун жыйынтыгында Sellergo Co., Ltd. компаниясы менен IT жана электрондук соода тармагында, ал эми HIGEN Healthcare компаниясы менен Кыргызстанда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө инвестицияларды тартуу боюнча меморандум түзүлдү.
Кол коюлган документтер биргелешкен долбоорлорду мындан ары өнүктүрүүгө, санариптик чечимдерди киргизүүгө жана Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу багыттарына инвестицияларды тартууга негиз болот.