Кыргызстан-Катар футбол беттешине байланыштуу бүгүн Бишкекте борбордук көчөлөр жабылат

Коом Загрузка... 25 Март 2025 12:22
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Кыргызстан-Катар футбол беттешине байланыштуу Бишкекте борбордук көчөлөр жабылат.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бир катар көчөлөрдө унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Атап айтсак, саат 12:00дөн 20:00гө чейин Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан-Катар беттеши болот. Саат 18:00дө шоу-программа тартууланат, ал эми саат 19:45те таймаш башталат.