Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун аймагында экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Анда Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналары белгиленген. Бул милдетти чечүү калктын жашоо-турмушунун деңгээлине оң таасирин тийгизет, тышкы жана ички миграцияны азайтууга өбөлгө түзөт, жер-жерлерде квалификациялуу кадрларды калтыруу үчүн шарттарды түзөт, региондордогу социалдык чыңалуунун деңгээлин төмөндөтөт.
Инвестицияларды тартуу, Кыргызстандын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу программасын ишке ашыруу максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
1.Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагында аянты 353,3 га экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарын куруу долбоорун ишке ашырууга киришсин.
2. Кемин районунун мамлекеттик администрациясы Кемин-Сити шаарынын курулушун ишке ашырууда бирдиктүү заказчы болуп аныкталсын.
3. КР министрликтери жана административдик ведомстволору, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кемин районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
– Кемин районунун мамлекеттик администрациясына КР мыйзамдарынын алкагында зарыл болгон маалыматтарды берсин;
– Кемин-Сити шаарынын курулушун ишке ашырууда зарыл болгон көмөк көрсөтсүн.
4. КР министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
– инженердик-геологиялык, топографиялык изилдөөлөрдү аткаруу боюнча долбоор алдындагы иштерди жүргүзсүн;
– Кемин-Сити шаарынын башкы планын иштеп чыксын жана министрлер кабинетинин бекитүүсүнө киргизсин;
– Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте долбоорлонуучу Кемин-Сити шаарынын аймагында ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана саркынды сууларды чыгарууну камсыз кылсын.
5. Энергетика министрлиги Финансы министрлиги, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому менен биргеликте долбоорлонуучу Кемин-Сити шаарын энергия менен камсыз кылуу үчүн каражат тапсын жана тышкы электр тармактарынын курулушун камсыз кылсын.
6. КР министрлер кабинети:
– 2025-жылдын 1-июнуна чейин экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарын куруу концепциясын иштеп чыксын жана бекитсин;
– экологиялык жактан таза Кемин-Сити шаарын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн жана тиешелүү инвестициялык макулдашууга кол койсун;
– ушул жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын.