Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Бишкек шаарында ЕККУнун ЖМК эркиндиги боюнча өкүлүнүн кеңсесинин колдоосу менен өтүп жаткан 26-Борбор Азия Медиаконференциясынын ачылышында сөз сүйлөдү.
ТИМден билдиришкендей, өз сөзүндө Кайрат Турсункулов конференциянын медиа чөйрөсүндө аймактык диалогду чыңдоо жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча экенин белгиледи.
Кесипкөй журналистика маселелерине, ошондой эле санариптик технологиялардын жана жасалма интеллекттин өнүгүшүнө байланышкан чакырыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын алкагында Кайрат Турсункулов ЕККУнун ЖМК эркиндиги боюнча өкүлү, элчи Ян Брату менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде аймактагы ЖМКлардын ортосунда тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүү жана журналистиканын кесиптик стандарттарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.