Кыргызстан БУУнун Статистикалык комиссиясынын 56-сессиясына катышты

Коом Загрузка... 17 Март 2025 17:11
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Статистика комитети

Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Нью-Йоркто өткөн БУУнун Статистикалык комиссиясынын 56-сессиясына катышты.

Статкомдон билдиришкендей, сессияда статистиканы модернизациялоого, маалыматтардын сапатын жогорулатууга жана алардын туруктуу өнүктүрүүдөгү ролу талкууланды.

Жыйын "Мыкты маалыматтар — мыкты жашоо" деген ураандын алкагында өтүп, 2025-жылы жаңыланган Улуттук эсеп тутумун (УЭТ) киргизүү сыяктуу маанилүү темаларды камтыды.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов сессияда бул тутумду киргизүүнү толугу менен колдоп, процесс Кыргызстанда улуттук эсептөө тутумун тез адаптациялоого чоң таасир тийгизерин белгиледи. Ал ошондой эле тутумду киргизүү боюнча колдонмону иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

Өзгөчө эмгек статистикасына көңүл бурулду. Бул чакырыктарга жооп катары Улутстатком эл аралык стандарттарга ылайык келген жана эмгек рыногундагы кырдаалды, анын ичинде эмгек ресурстарынын миграциясын жана социалдык кам көрүү маселелерин так талдоого мүмкүндүк берген жумушчу күчүн изилдөө үчүн жаңы суроолор тизмегин иштеп чыкты.