Бүгүнкү күндө мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү тилдерди колдонуу жана өнүктүрүү болуп саналат. Тил саясаты, анын ичинде мамлекеттик тилдин ролу өлкөнүн коопсуздугуна, мамлекеттүүлүгүн чыңдоого түздөн-түз өбөлгө түзөт.
Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен мамлекеттик статуска ээ болгон тил болуп эсептелет жана титулдук улуттун тили катары өзгөчө баалуулукка ээ.
Жарандардын кыргыз тилин билиши мекенчилдик сезимди, өлкөнүн тарыхын жана маданиятын урматтоону жаратат.
“Кабар” агенттигине “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская кыргыз тилин окутуудагы жаңылыктар, балдарга эне тилин кызыгуу менен сүйлөө үчүн аны кантип үйрөтүү керек, ошондой эле кандай чараларды көрүү керектиги тууралуу айтып берди.
Мектептерде кыргыз тилин окутууда киргизилген жаңычылдыктар боюнча айтып берсеңиз?
- Кыргыз тилин окутууну бала бакчалардан башташыбыз керек. Бирок, бул балдарды каалагандай жана каалаган адам эле окута берет дегенди билдирбейт. Балдарды окутуу процесси эффективдүү жүрүшү үчүн, биринчиден, мугалимдин колунда окутууга зарыл болгон аспаптар, башкача айтканда, балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыкталып иштелип чыккан деңгээлдик лексикалык минимум, анын негизинде түзүлгөн окуу методикалык комплекси (ОМК) жана аны коштоочу дидактикалык материалдар болуусу керек. Мындан сырткары, балдардын билим алуусунда ал чөйрөдөгү психологиялык жагдайдын таасири зор. Бул жагдайды ошол балдар бакчасында эмгектенип жаткан адамдар калыптайт. Босогодон баштап балага мамиле жылуу болуп, тилди үйрөткөн мугалими өзүнүн адамдык касиеттери менен балага жаккан учурда гана окутуу өз жемишин бере баштайт. Балдар бакчасында кыргыз тилди окутуу бир гана сабак учурунда жүрүп, андан кийин ал тилди колдонууга көңүл бөлүнбөсө, майнап чыкпайт. Демек, тилди үйрөтүү эпизоддук көрүнүш эмес, балдарды тарбиялоо чөйрөсүндөгү жайбаракат жагдайдагы табигый процесске айланышы керек. Ал үчүн мугалимден баштап балдарга эң жакын болгон тарбиячылар да, балдарды тейлеген эжекелери да жанагы айтылган деңгээлдик лексикалык минимум сөздүгүнөн кабардар болуп, ал сөздөрдү, кеп үлгүлөрүн бурмалабай таза тилде колдонуу менен, күнүмдүк турмушта, жай нукта тил чөйрөсүн үзгүлтүксүз түзүп берип туруусу зарыл. Ошондо гана тилди окутуу процесси таңууланбаган, жагымдуу эволюциялык процесске айланат. Мында үйүндө баары эне тилинде сүйлөгөн үй-бүлөлөрдүн балдардын тили да өркүндөтүлүп, алар чыныгы жардамчыга айланышат.
Кыргыз тилин окутуу процесси иштиктүү натыйжа берүүсү үчүн бул маселе мамлекеттик деңгээлде колго алынып, бала бакчалардын өнүгүү концепциясында белгиленип, расмий тартипке келтирилиши зарыл деген пикирдемин.
Бала бакчаларда майрамдар, иш-чаралар көп болот, майрамдарда балдар ырларды, тексттерди, жомокторду жаттап алышарын байкайбыз. Бул боюнча эмне айта аласыз?
- Албетте, бул алардын эс тутумун машыктырат, бирок алар ыр эмне жөнүндө айтылып жатканын түшүнбөй, аны жөн гана автоматтык түрдө жаттап алышса, эртеси эле унутушат.
Ошол ырлар, чакан тексттер балдардын жаш өзгөчөлүгүн, кызыгууларын эске алуу менен дүйнө таанымын өстүрүүгө, жакшы маанай түзүүгө багытталып деңгээлдик лексикалык минимумдун негизинде атайын балдарга арналып түзүлсө, алар түшүнүктүү болуп балдардын эсинде калат, ал сөздөр күнүмдүк турмушта колдонула берет. Натыйжада сөз байлыгы кеңейтилет. Ал тургай сүйүктүү ырына айланып, өмүр бою эсинде калышы да ыктымал.
Балдар үчүн аңгемелерди жазууда лексикалык минимум эске алынса жакшы болор эле.
Лексикалык минимум – тилди билүү деңгээлдеринин талаптарына ылайык статистиканын негизинде иштелип чыккан тигил же бул деңгээлге мүнөздүү болгон жыш колдонуучу сөздөрдүн жана кеп үлгүлөрүнүн тизмеги.
- 2026-жылы бардык жарандар кыргыз тили боюнча тест тапшырышат деген маалымат айтылды эле?
- Кыргызстанда муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик тилден тест тапшыруу талабы 2017-жылы атайын токтом менен киргизилген. 2018-жылдан бери тест массалык түрдө жүргүзүлүп жатат. Учурда мамлекеттик тилден тест тапшыруу талабы кайрадан каралып чыгып, мөөнөттөрү так көрсөтүлгөн жаңы токтом долбоору, коомдук талкууга коюлду. Бул түзөтүүлөр учурдагы реалдуулукту эске алуу менен жана жарандардын жүгүн жеңилдетүү максатында тест жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан статистикалык маалыматтын негизинде жүргүзүлдү. Киргизилип жаткан өзгөртүүлөр коомубузда талкууланып, колдоого алынып жаткандыгын көрүп жатабыз.
- Мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээли кандай?
Жогорку, башкы, улук жана кенже топтордогумамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү 2025-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес; 2027-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) кем эмес деп көрсөтүлдү.
2027- жылы тилди В2 деңгээлде өздөштүрүү үчүн көп аракет талап кылынат, анткени В1 деңгээлинде эксплициттик (айкын) түшүнүктөр камтылса, ал эми В2 деңгээли тилди эне тили катары өздөштүрүү деңгээли болгондуктан, мында имплициттик (көмүскө) маанидеги түшүнүктөр да камтылат.
Ал эми Кыргызстанда туруктуу жашаган этностук азчылыктар үчүн мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү 2026-жылдан тартып базалык деңгээлден (А2) кем эмес; 2028-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес деп белгиленди.
Мында мамлекеттик органдар жана иш берүүчүлөр кызматкерлерди тиешелүү деңгээлде окутуу үчүн шарттарды түзүүнү колго алуусу күтүлүүдө.
- Башка өлкөлөрдө, тактап айтканда, Россияда мигранттар орус тилин билүү боюнча сынактан өтүүгө мажбур болуп жатканы маалым. Ал эми бизде мигранттардан кыргыз тилин билүүсү боюнча тест тапшыруу талап кылынабы?
- Бизге келип иштеп жаткан мигранттарга да мамлекеттик тилди билүү боюнча тест тапшыруу талаптары коюлса абдан жакшыболмок. Тилекке каршы, бизге окуганы же иштегени келген мигранттар тилибизди да, айрым мекемелердин аталыштарын да билишпейт. Биздин өлкөгө Кытайдан келген мигранттардын саны өзгөчө көп, бирок алар тилди үйрөнүп жатышабы? Кыргыз тилин жок дегенде А1 деңгээлинде билишсе, коомубузда социалдашуулары кыйла жеңилдейт эле. Учурда талаптар Кыргызстандын жарандыгын алуучулардын арасында гана иштеп жатат, бирок алардын саны өтө аз. Мамлекет бул орчундуу маселени да көзөмөлгө алат деген үмүттөбүз. Жалпысынан тилге болгон мамиле мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алынып, жыл сайын жакшы жакка бурулуп баратканын баарыбыз көрүп жатабыз.
Биз алдыга жылып, мамлекеттик тилди жайылтууну өзүбүздөн баштасак, башкаларга сөзүбүз өтүмдүү болот.
- Эне тилинде мультфильмдерди жана көркөм тасмаларды тартуу менен мамлекеттик тилди жайылтууга сиздин ой-пикириңиз?
- Эне тилинде мультфильмдерди жанакөркөм тасмаларды тартуу мененмамлекеттик тилди жайылтууга сиздин ой-пикириңиз?
- Айлана-чөйрөдө, массалык маалымат каражаттарында мамлекеттик тилдеги контент канчалык сапаттуу жана арбын болсо, тилибиздин өнүгүүсүнө ошончолук таасир этери талашсыз. Тилекке каршы, мен сыналгыны өтө сейрек карайм жана учурда мамлекеттик тилдеги көрсөтүүлөргө же мультфильмдерге баа бере албайм. Ошол эле учурда мультфильмдерге токтолсок, балдардын өтө сезимтал экенин эске алуу менен, биринчи кезекте анын санына эмес, сапатына көңүл бурулса дейт элем. Мультфильмдер балдардын бүгүнкү күндөгү кызыгууларына дал келип, заманбап нукта дүйнө таанымын өстүргөн позитивдүү көрүнүштү чагылдырышы зарыл. Анткени балдар табиятына туура келбеген нерселерге кызыкпайт.
Мультфильмдерди иштеп чыгууда да деңгээлдик лексикалык минимумдун сакталышы өтө маанилүү.