Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарында аны коштоп барган делегациянын курамын Кытай тарап кантип тосуп алганын көрүп, бул визиттин мааниси чоң экенин, келечекте көптөгөн долбоорлор аткарылышына өбөлгө түзөт. Бул тууралуу экономика илимдеринин кандидаты Кеңешбек Алимбеков «Кабар» агенттигине билдирди.
“Кытай менен Кыргызстан эзелтеден эле достук мамиледе болгон коңшулар. Улуу Жибек жолу кытай жана кыргыз элдеринин достук мамилесинин символу. Кытай Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган жана аны менен дипломатиялык мамиле түзгөн мамлекеттердин бири. Коңшу мамлекет болгондон кийин дипломатиялык, экономикалык, маданий алакалар тыгыз болгон. Бирок азыркы жаңы тарыхыбызда, кыргыз-кытай мамилелери кайрадан жанданып, жогорку деңгээлге жеткенин тана албайбыз. Эки жыл мурун дипломатиялык байланыштын түзүлүшүнө жана стратегиялык өнөктөштүктүн саясатын жүргүзгөнүнө 30 жыл болуп, бул белгилүү датаны эки тарап белгилеген. Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын максаты стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү, экономикалык, маданий байланыштарды мындан ары күчөтүү.
Кытайга болгон мамлекеттик визиттин алкагында, биздин президентти жана делегацияны жогорку деңгээлде тосуп алышы, эки өлкөнүн мындан аркы өнөктөштүгүн өнүктүрүү абдан маанилүү экени көрүнүп турат. Мындан ары дагы экономикалык, маданий, гуманитардык байланыштарды күчөтүү жана тереңдетүү эки мамлекеттин кызыкчылыктарын көздөйт. Алдыдагы каралып жаткан ири долбоорлор, өзгөчө биздин аймак менен өтө турган темир жолду айтсак, бул долбоордо Кытайдын да, биздин да кызыкчылыктарыбыз бар. Бул жол курулуп ишке киргенден кийин алдыда башка ири долбоорлорду түзүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылат.