Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эртең Кытай Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Иш сапар 4-7-февраль аралыгына белгиленгени айтылды.
Эске сала кетсек, 2023-жылдын май айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен барып, Цзиньпин менен Сиань шаарында жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү декларациясына кол коюшкан. Жаңы доордогу декларация кыргыз-кытай мамилелеринин эң бийик денгээлге чыкканын айгинелейт.
Учурдагы иш сапар Кытайда эки жумалык Жаңы жылды майрамдоо кызуу жүрүп жатканда болот. Бул жаңыланууну, жаңы жашоонун ойгонушун билдирген, басып өткөн жолго ой жүгүртүп, келечекке пландарды түзө турган мезгил. Ушундай жакшылыкты жакындары менен гана бөлүшөт эмеспи. Цзиньпин Садыр Жапаровдун визитин жөн жеринен ушул датага туш кылган эмес окшойт.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Садыр Жапаровду жеке чакыруусу менен кабыл алып жаткандыгын дагы белгилей кетүү керек. Бул эки лидерлердин ортосунда калыптанып калган, ишенимдүү мамилени баса белгилейт.
Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири. Өз ара сооданын динамикалуу өсүшү жана Кыргызстандын экономикасына кытай инвестициясынын көлөмү байкалууда. Кыргызстан соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө, билим берүү, каржы, электрондук коммерция, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар.
2023-жылдагы жолугушууда, өлкө башчылары инвестиция жана айыл чарба, транспорт жана билим берүү тармагында кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашышкан. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулган. Бул трансконтиненталдык темир жол курула башталды. Эбегейсиз каражат талап кылса дагы, бул жолдун аркасы менен Кыргызстан кайрадан жанданган Жибек жолунда маанилүү орунду ээлейт. Кыргызстан үчүн бул транспорттук туңгуюктан чыгуунун жолу гана эмес, индустриялаштыруунун жогорку деңгээлине жетишүү мүмкүнчүлүгү. Эл аралык транспорт коридорунун иштеши Кыргызстандын инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү менен өндүрүштүк кубаттуулуку көбөйтүп, атаандаштыкка жөндөмдүү заманбап продукцияларыбызды башка өлкөлөргө экспорттоого шарт түзөт.
«Бул жол түзүлүп жаткан Түштүк эл аралык транспорттук-логистикалык коридордун негизги элементи болуп саналат. Кытайдан келген жүктөрдүн көлөмү ушунчалык көп болгондуктан, азыркы Түндүк жана Орто (Каспий) каттамдары аларды керектөөчүлөргө өз убагында жеткирүүгө туруштук бере албайт». - деп белгилейт саясат таануучу Шерадил Бактыгулов.
Кытай Кыргызстан менен биргелешип логистикалык борборлорду, автомобиль жолдорун курууда, энергетика жана айыл чарба тармактарында кызматташууну өнүктүрүүдө. Акыркы жылдары Кытайдын биздин экологиялык таза мөмө-жемиштерге кызыгуусу пайда болду. Биздин дыйкандар менен багбандар өз продукциясын экспорттоо көлөмүн системалуу түрдө көбөйтүп жатышат.
«Кыргызстандын мактана жана сыймыктана турган даамдуу айыл чарба азыктары бар. Бул тоонун балы, алча, жана кургатылган мөмө-жемиштер. Булардын өндүрүүсү жана жеткирүү механизми жакшы жолго коюлган. Кыргызстан кытайлык керектөөчүлөргө аларды жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүп жатканын белгилеп кетүү кубанычтуу”,-дейт эксперт.
Белгилей кетсек, эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизи - бекем достук жана өз ара колдоо . Кыргызстан менен Кытайдын бирдиктүү максаты – эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелерди активдештирүү. Эки өлкө тең аймактык жана эл аралык коопсуздукту жана кызматташтыкты чыңдоого умтулат. Ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапары достукту өнүктүрүүгө, өз ара колдоо көрсөтүүгө жана пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталганын белгилей кетүү керек”, - дейт Шерадил Бактыгулов.
Бүгүн деле 2023-жылдагы Садыр Жапаровдун Кытайга болгон сапарынын алкагында өз ара соода жүгүртүү жогорулап, соода-экономикалык кызматташтык программалары ишке ашып, эки тараптуу мамилелер жаңы деңгээлге чыгып жатат.
Ал эми, бул жолгушууда Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки тараптуу маанилүү келишимдерге кол коюу күтүлүп жатканын айтылууда.
Бирок бул документтердин маңызы азырынча ачылбайт. Ар нерсенин өз убактысы болот эмеспи. Негизги келишимдер тууралуу Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын жетекчилери өздөрү айтып беришет. Эки тараптуу күн тартибине караганда, биз достукту чыңдоого жана ар тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган олуттуу чечимдерге күбө болобуз.