Кыргыз-кытай чек арасындагы эки өткөрмө бекет үч күнгө жабылат

Коом Загрузка... 27 Январь 2025
kitaj-granitsa_730x0_730x0_730x0.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү бекеттери үч күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Кытай Эл Республикасында Жаз майрамы майрамдала тургандыгына байланыштуу, коңшу мамлекеттин демилгеси менен өткөрмө бекеттер 29-январдан 31-январга чейин жабылат.

Өткөрмө бекеттер 1-февралда кайра иштеп баштайт.