Статистикада көрсөтүлгөндөй, кыргыз киносу жылдан-жылга популярдуулукка ээ болуп, ата мекендик кино чет элдик тасмалар менен тең тайлаша баштады. Бул тууралуу “ “Евразия-Кинофест жаңырыгы” эл аралык кинофорумунун алкагында өтүп жаткан “Евразия киносу – көрүүчүлөргө жол: прокат, фестивалдар, онлайн платформалар” аттуу тегерек столдо “Кыргызтасмасынын” директору Талантбек Төлөбеков билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылы кинотеатрга келген адамдардын саны 2 млн, 2022-жылы 2,4 млн, ал эми 2023-жылы 3,3 млн түзгөн.
“2020-2023-жылдары кассага түшкөн каражат 1,7 млрд сомдон ашык же 21,1 млн долларды түздү. Кинотеатрларда сатылган билеттердин саны күндөн-күнгө өсүүдө. Мисалы, 2022-жылы 2,4 млн адам келген болсо, 2023-жылы 3,3 млн болду. Анын ичинен дээрлик 2,7 пайызы Бишкек шаарынын тургундары”, — деди ал. .