Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. 2026-жылы мамлекеттик тилдеги анимациялык фильмдерди жаратуу үчүн 50 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө балдар үчүн кыргыз тилиндеги мультфильмдердин жетишсиздиги байкалууда. Бул маселени министрлик заманбап технологиялардын жардамы менен чечүүнү пландоодо.
“Жасалма интеллекттин киргизилиши менен анимация жаратуу процесси толугу менен өзгөрүп, бир топ жеңилдеди. Ошондуктан бөлүнө турган 50 млн сомдун болжол менен 30 млн сомун түз эле жаңы анимациялык тасмаларды жаратууга, ал эми калган 20 миллионун эл аралык мультфильмдерди кыргыз тилине которууга бөлүүнү пландап жатабыз”, - деди Тагаев.
Ошондой эле министрдин орун басары белгилегендей, ушул жылдын аягына чейин бир же эки долбоорду эмес, жүздөгөн мультфильмдерди чыгаруу пландалып жатат. Балдардын максималдуу аудиториясын камсыз кылуу үчүн түзүлгөн бардык контент телеканалдарда жана YouTube'да жеткиликтүү болот.