Кымбат райондон арзан үй алган жарандар

Коом Загрузка... 11 Апрель 2025 20:00
Жазгүл Мадинова

Жазгүл Мадинова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Бүгүн өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан ипотекалык турак жай комплексиндеги 600дөн ашык батирдин ачкычы ээлерине тапшырылды.

Анда жеңилдетилген, социалдык жана арзан ипотека багыттары боюнча кезекте турган жарандар, прокуратура органдарынын кызматкерлери жана үлүштүк курулуш механизми менен батирдин 50% төлөгөн жарандар үйлүү болушту.

Пайдаланууга берилген турак жай комплексинде бир бөлмөлүү - 216 батир, 2 бөлмөлүү - 216 батир, 3 бөлмөлүү -180 батир камтылган.