Курултайдагы көйгөйлөр жана сунуштар. Транспорт министри Чүйдүн делегаттары менен жолукту

Коом Загрузка... 05 Февраль 2025 14:21
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 5-февралда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев баштаган министрликтин өкүлдөрү Чүй облусундагы III Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, курултайда министрликке Чүйдөгү жолдор боюнча 34 кайрылуу түшкөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Абсаттар Сыргабаев Элдик курултайда делегаттар тарабынан айтылган маселелер мүмкүнчүлүккө жараша ирети менен чечиле турганын белгиледи.

Эске салсак, 2024-жылдын декабрь айында өткөн III Элдик курултайдын жүрүшүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жалпы 200дөн ашуун кайрылуу келип түшкөн. Алардын көбү жолдордун абалы, жол куруу, көпүрө салуу иштери.