Кытай Кыргызстандын тарыхый ишенимдүү жана туруктуу өнөктөшү — Курманов

Пикир Загрузка... 05 Февраль 2025 16:11
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Султан Досалиев
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек,05.02.25./Кабар/. Тарыхчы, коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов геосаясий туруксуздук учурунда ишенимдүү стратегиялык өнөктөштөр менен мамилени чыңдоо өзгөчө мааниге ээ экенин белгилейт.

Кыргызстандын президентинин Кытайга болгон мамлекеттик сапары туруктуу өнүгүүгө жана стабилдүүлүктү сактоо боюнча маселелердин бүтүндөй комплексин чечүүгө багытталган.

«Азыр эл аралык мамилелердин бөлүнүү шартында кызматташуунун стратегиялык багыттарын бекемдөө абдан маанилүү болуп жатат. Соода кризиси, глобалдык саясий турбуленттүүлүк – мунун баары, албетте, кыйынчылыктарды жаратат. Бирок Кыргызстан экономикалык жактан өнүккөн коомду, туруктуу мамлекетти куруп жатат, ошондуктан ишенимдүү жана тарыхый өнөктөштөр менен тыгыз кызматташуу абдан маанилүү. Алардын бири Кыргызстан үчүн, албетте, Кытай. Бул чоң ресурстары жана мүмкүнчүлүктөрү бар технологиялык өлкө.

Индустриялаштыруу, темир жолду куруу, энергетиканы, технологияны өнүктүрүү, мына ушул багыттар боюнча Пекин Бишкекке чоң колдоо көрсөтүп жатат. Буга байланыштуу эки тарапка тең пайдалуу инвестициялардын мүмкүнчүлүктөрү абдан кеңири жана алар өнүгүп жатат.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-тарыхый байланыштар кызматташтыкты чыңдоо үчүн жагымдуу жагдай түзүүдө. Азыр дүйнө тездик менен өзгөрүүдө, биз өзгөрүү жагынан артта калбашыбыз керек.

«Бири-бирибиздин жыргалчылыгыбыз үчүн биргелешип иш алып баруу - биздин президентибиздин Пекинге болгон иш сапарынын негизги максаты жана бул маселеде толук өз ара түшүнүшүү бар», - деп белгилейт Зайнидин Курманов.