Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Сауд Аравиянын Жидда шаарында өткөн дүйнөлүк Куран жарышында кыргызстандык Мухамадали Умаров 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Рамазан айына карата уюштурулган сынакка дүйнө жүзүнөн 2 миңден ашуун кары катышып, финалдык баскычка 64 талапкер тандалып алынган.
Жыйынтыгында кыргызстандык кары эң мыкты деп табылып, 50 миң сауд риалы (болжол менен 13 миң доллар) өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болду.
Жарыштын жыйынтыгы боюнча алдыңкы бештик:
- Кыргызстан;
- АКШ;
- Египет;
- Сирия;
- Швеция.
Мухамадали Умаров учурда Мадина Ислам университетинин 4-курсунун студенти.
Эске салсак, ал 2022-жылы да Мекке шаарында өткөн эл аралык Куран сынагында жеңүүчү аталган.