Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын куткаруучулары Жети-Өгүз районунун Кара-Сай өрөөнүндө жардамга муктаж болгон Нидерланддан келген эки туристти куткарып, коопсуз жерге жеткиришти.
Ишканадан билдиришкендей, туристтер 21-августта Барскоон капчыгайы аркылуу Сырт жайлоосуна жолго чыгып, кийин эл аралык SOS сигналын беришкен. 22-августта ӨКМ туристтердин акыркы координаттарын Кумтөрдүн куткаруучуларына өткөрүп берген.
Натыйжада сегиз куткаруучу үч унаа менен издөө иштерине чыгып, дрон жана спутниктик байланыш каражаттарын колдонушкан. Саат 12:27де туристтер табылып, аларга жардам көрсөтүлүп, Ак-Шыйракты көздөй кеткен негизги жолго чейин коштоп барышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин Кумтөрдүн куткаруучулары тоодо дайынсыз жоголгон италиялык туристтерди издөө иштерине да катышып, аларды аман-эсен табышкан.