Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун Аймактык антитеррористтик түзүмүнүн Аткаруу комитетинин (ШКУ РАТС) директору Уларбек Шаршеевди кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, тараптар ШКУнун алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө байланыштуу актуалдуу маселелерди, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жээнбек Кулубаев Уларбек Шаршеевди жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан ШКУнун РАТС ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.
Министр ШКУнун мүчө мамлекеттердин терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүүдөгү күч-аракеттерин координациялоого көмөктөшүүчү түзүмдүн, туруктуу иштөөчү органдарынын бири катары, маанилүү ролун белгиледи.
ШКУнун РАТС директору колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, министрге учурдагы приоритеттер жана жакынкы мезгилге карата иш пландар тууралуу маалымат берди.