Кубатов: Бает айылы ири эл аралык иш-чаралардын борборуна айланды

Аймак 21 Август 2026 14:40
65e51df6-bd75-.max-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. F1H2O боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү Бает айылында ири эл аралык иш-чаралар аймагын түзүүгө, ошондой эле туристтик, спорттук жана маданий борборду калыптандырууга мүмкүндүк берди. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда Бает айылында тротуарлары менен кошо 2 чакырым жол жана 1 чакырымдан ашык веложол курулду. Мындан тышкары, эл аралык талаптарга жооп берген заманбап жээк инфраструктурасы түзүлдү. Анын ичинде VIP жана CIP зоналары, сахна аянты, расмий конокторду кабыл алуу үчүн эки аянтча уюштурулуп, ошондой эле аянты 1500 чарчы метр болгон спорттук паддок (жарыш командаларынын аянтчасы) жасалды. Анда жарыш катерлери жана зарыл болгон спорттук инфраструктура жайгаштырылды.

WhatsApp_Image_2026-08-20_at_19.14.23.width-800
"Эки айдын ичинде бардык инфраструктураны толугу менен куруп бүттүк. Бул долбоорго өкмөттүн кошкон салымы 2 млн доллардан ашты", - деп белгиледи Кубатов.