Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Кышында курч респиратордук вирустук инфекцияларды (КРВИ), сасык тумоону жана башка жугуштуу ооруларды жугузуп албоо, жайылышын болтурбоо үчүн алдын алуу алда канча жеңил.
Мындан улам дарыгерлер жарандарды жөнөкөй, бирок маанилүү делген бир катар эрежелерди сактоо керектигин эскертишет:
- коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуңуз;
- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүңүздү алыс кармаңыз;
- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз;
- чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабыңыз;
- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткап кийип, социалдык аралыкты сактаңыз.