Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 21-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда 16…21, Таласта 13…18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 14…19, Ысык-Көл өрөөнүндө 8…13, Нарын жеринде 9…14 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек шаарында 18…20, Ош калаасында 16…18 градуска чейин көтөрүлөт.