Кожевенная көчөсү жабылып, коомдук транспорттун кыймылы өзгөрөт

Коом 28 март 2026 14:35
Кожевенная көчөсү жабылып, коомдук транспорттун кыймылы өзгөрөт

Бишкек, 28.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Кожевенная көчөсү капиталдык оңдоо жана кеңейтүү иштерине байланыштуу 1-апрелден тартып жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, 7 автобустун жана маршруттук каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөрөт: №30, №226, №203, ошондой эле №143, №161, №234, №130 маршруттук кичи автобустар.

Долбоор эки этапта ишке ашырылат:

  • 2026-жылдын 1-апрелинен тартып, Аул көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүк жабылып, оңдоо иштери башталат;
  • Ибраимов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүк оңдолот.

Мэрия шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, алдын ала альтернативдүү жолдорду пайдаланууну өтүнөт.