Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91 пайызга бүттү

Аймак
Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91 пайызга бүттү
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай баатыр тилкесинде курулуш иштеринин 91 пайызы аткарылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, узундугу 79,2 чакырымды түзгөн жол тилкесине эки катмар асфальт-бетон төшөлүп, металл тосмолор орнотулду. Ошондой эле 14 көпүрөнүн жана эки жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнүн курулушу толук аяктады.

Мындан тышкары, негизги жолдогу 235 суу өткөрүүчү түтүк толугу менен орнотулду. Ал эми жолго кошулуучу тилкелерде, аялдамаларда, тротуарларда жана велосипед жолдорунда каралган 654 түтүктүн 486сы орнотулду.

Учурда велосипед жолун куруу боюнча жер жумуштарынын 98 пайызы аяктап, бордюрлардын 90 пайызы орнотулду. Узундугу 68,82 чакырым болгон велосипед жолуна жана 21,85 чакырым тротуарга асфальт-бетон төшөлдү.

Азыркы тапта тротуарларды жана велосипед жолун куруу, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери уланууда. Ошондой эле жол чийиндерин түшүрүү, жол белгилерин орнотуу жана башка көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, Корумду – Балбай баатыр тилкеси 17 калктуу конуш аркылуу өтөт. Долбоордо жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүү, тротуарларды жана велосипед жолун куруу, 14 көпүрөнү жана эки жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүн куруу жана оңдоп-түзөө, ошондой эле жалпысынан 877 суу өткөрүүчү түтүк орнотуу каралган.