Корея Кыргызстанга санариптик карталар боюнча тажрыйбасын сунуштады

Коом 10 сентябрь 2026 15:10
Корея Кыргызстанга санариптик карталар боюнча тажрыйбасын сунуштады
copyright icon Кабар

Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Түштүк Корея Кыргызстанга мейкиндиктик маалыматтар тармагын өнүктүрүүдө консультативдик жана эксперттик жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Корея Республикасынын Улуттук географиялык маалымат институтунун башкы директору Ким Вондэ билдирди.

Анын айтымында, Түштүк Корея акыркы жылдары мейкиндиктик маалыматтар тармагын активдүү өнүктүрүп, бул багыттагы саясатты иштеп чыгуу, стандарттарды түзүү жана мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча тажрыйбасы менен Кыргызстан менен бөлүшө алат.

"Биз Кыргызстанга жардам берип, биз кетирген каталарды кайталабастан, ийгиликке жетишине көмөк көрсөтүүнү каалайбыз", — деди Ким Вондэ.

Ал келечекте Кыргызстанга спутниктик сүрөттөрдү колдонуу боюнча да жардам көрсөтүлүшү мүмкүн экенин белгиледи. Анын айтымында, Түштүк Кореяда мейкиндиктик маалыматтар күнүмдүк жашоодо кеңири колдонулуп, жарандар аларды интернет аркылуу, анын ичинде үч өлчөмдүү карталардан алышат.

Ким Вондэ мейкиндиктик маалыматтар керектүү багыттарды табууда жана, мисалы, учкучсуз унааларды колдонууда пайдаланыларын кошумчалады.