ӨКМ: Тоолуу аймактардын унаа жолдоруна кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Аймак Загрузка... 30 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-29 at 10.38.40 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Тоолуу аймактардын унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 30-январынан 1-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

"Зарылчылык болбосо сапарга чыгууну, тоодо эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз же күбө болсоңуз “112” бирдиктүү кызматына токтоосуз чалыңыз",-деп айтылат маалыматта.