ӨКМ өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоону эскертти

Коом Загрузка... 01 Февраль 2025
WhatsApp Image 2025-02-01 at 14.49.12.jpeg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.02.25. /Кабар/. Кыш мезгилинде үйдө өрт чыгуу коркунучу күчөйт. Көп учурда бул электр жабдууларын пайдалануу жана меш жылытуу эрежелерин бузуудан башталат.

Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоону эскертти.

- мешти күнүнө 3-4 жолу бир жарым сааттан ашык эмес жылытуу;
- мештин жанына отун сактабаңыз, анын үстүнө кийимдерди кургатпаңыз;
- дубалында жана морунда жарака кеткен, бузулган мешти колдонбоңуз;
- жылыткычтарды эмеректердин жанына койбоңуз;
- электр энергиясына ашыкча күч келтирбеңиз;
- күйүп жаткан мештерди жана жылыткычтарды кароосуз калтырбаңыз, аларга көзөмөл кылууну балдарга тапшырбаңыз.