“Картошка” кластердик ассоциациясы Айыл чарба министрлигинен картошканы экспорттоого тыюу салбоону суранды

Коом Загрузка... 05 Февраль 2025 14:34
volga.jpg
copyright icon www

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Кластердик бирикме картошканын экспортуна тыюу салбоо өтүнүчү менен кайрылышты.

Белгилүү болгондой, буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коңшу өлкөлөрдө картошканын тартыштыгы байкалып жана өлкөдө аталган азык түлүккө болгон бааны туруктуу кармоо максатында картошканын экспортуна чектөө киргизүү маселеси каралып жаткандыгы тууралуу билдирген.

Мындан улам “Картофель” кластердик бирикмеси картошканын экспортуна тыюу салбоо өтүнүчү менен министрликке кат жолдоду

Катта дыйкандар картошкага болгон кирешелүү баа 5-6 жылда бир болорун белгилеген.

"Дыйкандар жыл сайын чоң киреше таба беришпейт. Бул жылы тапкан жогорку кирешеси мурдагы жылдардагы чыгашасын толуктап алганга мүмкүнчүлүк түзүп берет", - деген жүйөө келтиришкен.

Эске салсак, буга чейин ЖКнын депутаты өлкөдө картошканын баасынын жогорулашына тынчсыздануусун билдирген.