Көңүл бургула! Бишкектин бир бөлүгүндө сууну өчүрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Коом Загрузка... 05 Февраль 2025 09:57
suu.jpg
copyright icon www

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарында 2025-жылдын 6-февралына белгиленген ичүүчү сууну өчүрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин 2025-жылдын 6-февралында шаардагы суу түтүктөрүн оңдоо – калыбына келтирүү иштерине байланыштуу - Скрябин - Тыныстанов - Радищев - Панфилов - Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин - Л.Толстой жана Панфилов көчөсүнө чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулары маалымдалган.

Белгилей кетсек, буга чейин “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 6-февралда саат 10:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин бир бөлүгүндө убактылуу суу болбойт деп эскерткен.