Көк-Жар айылында 750 орундуу мектеп курулду

Коом 25 сентябрь 2026 10:45
824404154_1599789101620133_5138540310714856258_n.jpg
821333656_1599789014953475_1121030850596364784_n.jpg
820377644_1599789004953476_7896761141942468527_n.jpg
Алдыга
Артка
824404154_1599789101620133_5138540310714856258_n.jpg
821333656_1599789014953475_1121030850596364784_n.jpg
820377644_1599789004953476_7896761141942468527_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады.

Курулуш министрлдигинен билдиришкендей, мектептин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3348,9 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу мектеп имараты салынды. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы менен ашкана, компьютердик класстар, жыйындар залы, эмгек класстары жана спорт залы бар.

Учурда объектиде сырткы көрктөндүрүү, ички жасалгалоо жана мектепти жууп-тазалоо иштери аткарылууда.