Көк бөрүнү АКШда жайылтуу демилгеси көтөрүлдү

Спорт 23 сентябрь 2026 18:25
7.jpg
805579625_1087368290867153_1417732930926362365_n.jpg
809910812_1130457669573856_6640141440189479667_n.jpg
819219357_2468828456934327_1112660325068597926_n.jpg
819319432_1641543267508192_6021052012723476954_n.jpg
819376315_2397089851098184_4240281769106796519_n.jpg
822384577_1736578811807257_2463835052762070455_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Мэттью Хабиновски менен жолугушууда кыргызстандык көк бөрүчүлөрдүн АКШдагы алгачкы эл аралык турнесин уюштуруу мүмкүнчүлүгүн сунуштады.

Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууда ошондой эле салык салуу маселелери жана эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташтык, маданий-спорттук байланыштарды өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды.

Шыкмаматов АКШнын Юта, Техас жана Монтана штаттарында 50-60ка жакын спортчу жана командалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда мелдештерди жана маданий иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Анын айтымында, мындай турнир көк бөрүнү эл аралык деңгээлде жайылтууга, кыргыз жана америкалык ат маданиятын жакындатууга жана эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөт.

Өз кезегинде Мэттью Хабиновски мындай демилгеге кызыкдар экенин белгилеп, АКШда ат спортуна, ат минүүгө жана жылкы чарбачылыгына кызыгуу жогору экенин айтты.

Тараптар кызматташтыкты улантууга жана сунушталган багыттарды мындан ары талкуулоого макулдашты.