Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 6-сентябрда Чолпон-Атада VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар оюндарынын финалдык беттештери өттү.
Көк бөрү оюнунда Кыргызстан Казакстандын 12:0 эсебинде жеңди, ал эми көкпарда казак спортчуларын кыргызстандык жигиттер 7:2 эсебинде утту.
Оюндан кийин баш байге жеңүүчүсүн жана экинчи. үчүнчү жана төртүнчү орундардын ээлерин сыйлоо аземи болду.