Кербенди айланып өтүүчү жолго асфальт төшөлүүдө

Аймак 8 октябрь 2026 09:42
Кербенди айланып өтүүчү жолго асфальт төшөлүүдө
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, эки тилкелүү жолдун инженердик курулмаларды, анын ичинде суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толук аяктап, асфальт-бетон төшөлүүдө.

Жаңы айланма жол аркылуу Ала-Бука, Сары-Челек жана Кош-Дөбө тарапка каттаган унаалар Кербен шаарынын борборуна кирбей өтө алышат.

Мунун натыйжасында шаар ичиндеги транспорт агымы азайып, жол кыймылынын коопсуздугу жогорулайт. Ошондой эле Чаткал жана Ала-Бука райондоруна каттаган унаалар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүлөт.