Көчмөндөр оюндары: Нарын облусунан 400дөй адам катышат

Көчмөндөр оюндары-2026 28 август 2026 18:10
WhatsApp Image 2026-08-28 at 17.13.25 (5).jpeg
copyright icon Президен

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.08.26 /Кабар/. Нарын облусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган иш-чараларга активдүү даярданып жатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Жылдыз Мамбетова "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кырчын жайлоосунда Нарын облусуна бөлүнгөн ордого 15 боз үй тигилүүдө. Кошумча боз үйлөрдү эсептегенде алардын саны 20дан ашат.

“Мындан сырткары, “Биримдик кербенинин” алкагында Нарын облусунун ар бир районуна бирден боз үй тигилет.

Учурда боз үйлөр тигилип бүтүп, ордонун ичин жасалгалоо жана кооздоо иштери жүрүп жатат. Облус жалпы 10 кароо-сынактын катышат. Ага Нарындан 400гө жакын адам келери күтүлүүдө”,-деди орун басар.

Белгилей кетсек, Кырчын жайлоосунда өзүнчө аймакта Кыргызстандын жети облусунун, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын боз үй шаарчалары жайгашат. Белгиленген тартипке ылайык, ар бир облус жана шаар 15тен боз үй тигет.