Көчмөндөр оюндары Кырдаалдык борбордон көзөмөлдөнүүдө

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 22:55
b2989c60-7bb6-4ce5-a5c9-08dad688e7a2.jpeg
54148a9d-4232-479d-9fe4-738f8d1e0ca1.jpeg
b03d9271-2ebe-4117-8bb6-3949d6355692.jpeg
ИИМ
a21a4bfc-def4-4463-88dd-9a616e1c8ff7.jpeg
db743afb-9f7b-4e0b-9426-b85aedd95ab6.jpeg
4da8dfe7-2d06-425a-be43-c0e1689ef00d.jpeg
Алдыга
Артка
b2989c60-7bb6-4ce5-a5c9-08dad688e7a2.jpeg
54148a9d-4232-479d-9fe4-738f8d1e0ca1.jpeg
b03d9271-2ebe-4117-8bb6-3949d6355692.jpeg
ИИМ
a21a4bfc-def4-4463-88dd-9a616e1c8ff7.jpeg
db743afb-9f7b-4e0b-9426-b85aedd95ab6.jpeg
4da8dfe7-2d06-425a-be43-c0e1689ef00d.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн алкагында Ысык-Көл районунун Бостери айылында 4 кабаттан турган заманбап милициянын аймактык бөлүмчөсү курулуп, Кырдаалдык борбору иштеп жатат.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүнө санарип видеокамералар аркылуу ушул жерден көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Бүгүн жаңы имаратка ички иштер министри Улан Ниязбеков барып, эл аралык иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле жеринде иштеп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери туристтер жана жергиликтүү тургундарга сылык мамиле жасап, сервистик тейлөө көрсөтүүсүн тапшырды.

Белгилей кетсек, Бостеридеги Кырдаалдык борбордон Ысык-Көл облусунун аймагындагы видеокамералар аркылуу коомдук тартип көзөмөлгө алынууда.

Мындан сырткары, элдин агымы көбөйгөн жерлерге автобустарды жөнөтүү боюнча ички иштер органдарынын жумушу координацияланып, кошумча багыттар көрсөтүлүп жатат.