Көчмөндөр оюндары эл аралык форумда кызыгуу жаратты

Туризм Загрузка... 09 Апрель 2026 17:01
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов Минск шаарында “Чоң туристтик жума” алкагында өтүп жаткан эл аралык Travel Hub “Содружество” туристтик форумуна катышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов баяндама жасады. Ал Кыргызстандагы табигый байлыктарды сактоонун стратегиялык маанисин белгилеп, ошол эле учурда туристтик агымды көбөйтүүнүн зарылдыгын айтты.

Ошондой эле Эрденет Касымов жакында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көчмөн элдердин салттарын сактоого жана жайылтууга багытталган Кыргызстандагы уникалдуу этномаданий долбоор катары тааныштырды. Бул долбоор эл аралык эксперттер менен форумдун катышуучуларынын чоң кызыгуусун жаратты.

Форумдун алкагында аймактар аралык кызматташууну чыңдоого багытталган бир катар маанилүү эки тараптуу жолугушуулар өттү.

Санкт-Петербург шаарынын Туризмди өнүктүрүү комитетинин жетекчиси Евгений Панкевич менен өз ара туристтик агымды көбөйтүү жана КМШ рыногунда туристтик продукцияларды илгерилетүү маселелери талкууланды.

Башкортостандын туризм министри Светлана Верещагина менен геопарктарды түзүү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын туристтик максатта пайдалануу боюнча кызматташууну кеңейтүү тууралуу макулдашууларга жетишилди.

“Роза Хутор” курортунун башкы директорунун эл аралык байланыштар жана туризм боюнча кеңешчиси Сергей Хворостяный менен “Ала-Тоо Резорт” курортун башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу жана экологиялык стандарттарды киргизүү маселелери каралды.