Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүткүл Россия боюнча көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу россиялык Матч ТВ каналынын кабарчысы Евгений Загитов “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, көрүүчүлөргө түз эфир аркылуу оюндар максималдуу түрдө чагылдырылып жатат. Табияты аябай кооз — Ысык-Көл, Бишкек оюндарга көрк берүүдө.
“Эгерде трансляцияга кандайдыр бир нерселер кирбей калса, биз кабарчы катары мисалы, Кырчын капчыгайына барып жатабыз. Ал дагы абдан кооз жер. Ал жерден бардык нерсени максималдуу түрдө тартып жатабыз.
Биздин программаларыбызда репортаждар, Көчмөндөр оюндарынын күндөлүктөрү, башка чоң сюжеттер жана маектер да бар. Мунун баарын тартып, көрсөтүп жалпы Россияга көрсөтүп жатабыз. Анын баары элге аябай жагып жатат. Көпчүлүк спорттун мындай түрлөрү жөнүндө мурда угушкан эмес. Бирок Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын канчалык масштабдуу иш-чара экенин көрүү ошончолук кызыктуу болууда”, - деди россиялык журналист.